Кыргызстанда 1-январдан тарта тамекинин чекене баасы көтөрүлөт

Кыргызстанда 1-январдан тарта тамекинин чекене баасы көтөрүлөт.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, анын минималдуу суммасы бир кутусуна 100 сом болот.

Учурда эң төмөнкү чекене баа 90 сомду түзөт.

Мындан тышкары, бир жолу колдонулуучу электрондук сигареттер 300 сомдон арзан сатылбайт.

Салык кызматы бааны жогорулатуу керектөөнүн кыскарышына алып келет жана бул калктын саламаттыгына оң таасирин тийгизет деген ишенимде