Ысык-Көл облусунда катуу жааган кардан кийин мал-жандыктары менен 4 чабан Тоң ашуусунда камалып калды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, алар 500 жылкы жана 400 топозду ашуудан өткөрүүнү пландап, бирок бороондун айынан кар туткунунда калышты.
Чабандарга жардам берүү үчүн 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар чыкты.
Жыйынтыгында, чабандар дагы, малы дагы аман-эсен ашуудан түшүрүлдү, жабыркагандар жок.