Пекин миллиардерлердин саны боюнча дүйнөдө биринчи сапка чыкты.
100 миллиардер менен Кытай шаары 99 көрсөткүчүн кармап турган Нью-Йорктон ашып өттү.
Рейтингдин кийинки саптарын Индия, Германия жана Россия ээлейт. Forbes жарыялагандай,
Пекиндеги эң бай адам — Чжен Иминь. Ал TikTok соцтармагына ээлик кылган ByteDance
компаниясынын негиздөөчүсү. Анын байлыгы 35,6 миллиард долларга бааланат.
Ал эми Нью-Йорктун эң байы экс-мэр жана ишкер Майкл Блумберг. Анын абалы
59 миллиард долларга барабар. Негизинен АКШда Кытайга салыштырмалуу
миллиардерлер көп. Америкада 724 болсо, Кытайда 698