Pfizer вакцинасы 30-октябрдан тартып Бишкектин бардык эмдөө түйүндөрүндө жеткиликтүү болот.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Андан тышкары, препарат
Аламүдүн, Сокулук райондоруна жана Кант шаарында дагы берилди. Ал эми өлкөнүн бардык
аймактарына 1-ноябрдан баштап жеткирилет. Аны менен 18 жаштан жогорку бардык каалоочулар
эмделсе болот. Ар бир дозасы 3 жума аралыкта сайылат. Эске салсак, Файзер
вакцинасынын 259 миң 740 дозасы 27-октябрда COVAX программасы менен алынып келинди.