Посттон өтөм деп ок аткандар боюнча териштирүү башталды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Арашан айылында посттон өтөм деп ок чыгаргандар боюнча териштирүү башталганын кабарлады. Милициянын маалыматына ылайык, 18-апрель күнү түшкө жуук бир нече квадроцикл айдаган 10 чакты киши Арашан айылында жайгашкан посттон өтүүгө аракет кылышкан. Жергиликтүү тургундар, ыктыярчылар аларды өткөрбөй койгондуктан ортодо чыр чыгып, посттон өтүүнү каалагандар ок атып, туш тарапка качып кетишкен.

 

Аламүдүн районунун ички иштер нөөмөт бөлүмүнө чыр боюнча маалымат кечинде түшкөн. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жазык кодексинин 266-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча катталды. Сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал киргизилген. Коопсуздук чаралары үчүн айрым айылдарда жергиликтүү тургундар өздөрү пост уюштуруп алышкан.