Өлкө башчынын милдети Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовго өттү

Өлкө башчынын милдети Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовго өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти. Мыйзам боюнча, Мамытов президенттик шайлоо өткөнгө чейин мамлекет башчынын милдетин аткарып турат.

 

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин спикери болуп дагы иштей берет. Талант Мамытов парламенттин төрагасы болуп 4-ноябрда шайланган.