Ош облусунун Маданият айылындагы мектеп 1-июнда пайдаланууга берилет

Ош облусунун Маданият айылындагы мектеп 1-июнда пайдаланууга берилет.

Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, 225 орундуу мектептин

курулушу аяктоо алдында турат. Учурда билим берүү мекемесинин аймагын

жашылдандыруу жана жабдууларды орнотуу, окуу куралдары менен камсыздоо

иштери жүрүп жатат. Курулуш иштерине 890 миң доллар сарпталды.

Каражат чет элдик донорлордон алынган насыянын эсебинен берилди.