Министрлер кабинети жана ишкерлер кассалык аппараттар жана салыктар боюнча дээрлик мунасага келишкенин жарыялашты.
Акылбек Жапаровдун айтымында, эгерде ишкердин жылдык кирешеси 8 миллион сомго жетпесе, салык төлөөдөн бошотулат.
Эгерде жүгүртүү ашып кетсе, салык 0,5 пайыз же 1 пайыз гана болот.
Мындан тышкары, бийлик ар бир ишкерди кассалык аппаратты колдонууга үйрөтүүгө даяр экенин, ал эми аны тейлөө үчүн ай сайын төлөнүүчү каражат 300 сомдон ашпай турганын билдирди.