Россиянын ӨКМи кол салууда жоголгон кыргыз кыздарды каза тапкандардын тизмесине кошту

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-марттын кечинде «Крокус ситидеги» кол салууда жоголгон эки кыргыз кызын каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошту. Маалыматты кыздардын биринин жакындары «Азаттыкка» ырасташты.

 

Кыргызстандын Россиядагыы элчилиги аларды каза болду деп айтууга азырынча эрте деген маалымат таратты.

 

«Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында жарыяланган тизмеде генетикалык экспертизалары бүтө элек жарандардын маалыматтары камтылган. ДНК анализинин жыйынтыгы даяр боло элек», — деп жазылган анда.

 

Кыргызстандык Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызы куралдуу кол салуу болгон 22-марттан бери дайынсыз болуп жаткан.