Рецепт боюнча гана сатылуучу дарылардын тизмесин толуктоо сунушталууда

Саламаттык сактоо министрлиги рецепт боюнча гана сатылуучу дарылардын тизмесин толуктоону сунуштоодо.

Учурда тизмеде 38 препарат бар.

Ведомство аны 78ге чейин көбөйтүү керек деп эсептейт, анткени көз карандылыкты пайда кылган жаңы дарылар алынып келинүүдө.

Алар рецептсиз кабыл алынса, терс таасир тийгизиши мүмкүн.

Сунуш долбоору коомдук талкууга коюлду.