Жалал-Абад облусунун тез жардам бөлүмдөрүнө 11 жаңы унаа тапшырылды

Жалал-Абад облусунун тез жардам бөлүмдөрүнө 11 жаңы унаа тапшырылды.

Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, атайын техникалар Дүйнөлүк жана

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген гранттын эсебинен алынды.

Техникалар муктаждыкка жараша бөлүштүрүлдү. Эске салсак, буга чейин

Ысык-Көл облусуна 9 жана Ош облусуна 26 тез жардам унаалары тапшырылган.