Республикадагы жогорку окуу жайлардын 27 психологу Баткенге барат.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектен 13, ал эми Оштон 8 адис барат.
Учурда жеринде 6 психолог иш алып барууда.
Белгиленгендей, Билим берүү жана илим министрлигинде жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен жыйын өтүп, анда университеттерде иштеген психологдордун тобун Баткенге жиберүү тапшырмасы берилген.