Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Мындай коркунуч бүгүн жана эртең сакталат. Себеби – температуранын көтөрүлүшү жана тоо этектеринде нөшөрлөп жааган жаан. Жарандарга этият болуу сунушталат.