Бишкектиктердин үйлөрүнө ысык суу эртең берилип баштайт

Бишкектиктердин үйлөрүнө ысык суу эртең берилип баштайт. “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынын адистери тургундарды аристон сыяктуу суу жылыткыч шаймандарды өчүрүүнү сунуштайт.

 

Болбосо, ал түтүктөр менен келе турган ысык сууну бууп калышы мүмкүн. Эске салсак, ордо калаада жыл сайын ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул аралыкта адистер жылуулук сезонуна даярдык көрүп, тармактарды калыбына келтирет.