Россия Донецк менен Луганскинин көз карандысыздыгын таанымай болду

Россия президенти Владимир Путин элге жасаган кайрылуусунда Россия Донецк менен Луганскинин көз карандысыздыгын тааный тургандыгын айтты.

 

«Токтоосуз түрдө Донецк Эл Республикасынын жана Луганск Эл Республикасынын көз карандысыздыгы менен суверендүүлүгүн таануу зарыл деп эсептейм жана бул боюнча Федералдык жыйындын ратификациялоосун өтүнөм», — деди Путин.

Андан соң атайын жарлыкка кол койду.

Анын айтымында, Россия Украинанын аймактык бүтүндүгүн сакташ үчүн баарын жасады.