Россия Кыргызстандагы калдыктарды сактоочу жайларды калыбына келтирүүгө 2 миллиард рубль бөлөт

Россия Кыргызстандагы калдыктарды сактоочу жайларды калыбына келтирүүгө 2 миллиард рубль бөлөт.

 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

 

Анын айтымында, каражат Кажы-Сай, Сумсар, Кадамжай, Кызыл-Жар жана Ноокаттагы калдык сактоочу жайларды калыбына келтирүү иштерине жумшалат.  Мамбетов кошумчалагандай, бүгүнкү күнгө карата Кажы-Сай жана Миң-Куш айылдарындагы объектилерди рекультивациялоо аяктап калды.