Кыргызстанга россиялык “Спутник V” вакцинасынын экинчи партиясы жеткирилди

Кыргызстанга россиялык “Спутник V” вакцинасынын экинчи партиясы жеткирилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, анда 20 миң доза препарат бар.

 

Ал эми вакцинанын биринчи партиясы 23-апрелде келген. Кыргызстанга келген кытайлык Синафарм препараты 75 миң адамга, россиялык препарат 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Андан тышкары, COVAX прогроммасынын алкагында британиялык “Astra Zeneca” препараты дагы май-июнь айларында жеткирилет.