Бүгүн ордо калаанын айрым аймактарында таза суу жок болот.
Мэриядан билдиришкендей, кечки саат 7ге чейин “Сельский” суу топтому жана
шаардык суу түтүктөрүндө, Тунгуч кичи районунда жана жеке секторунда,
Рухий-Мурас конушунда жана андагы мектептерде таза суу өчүрүлөт.
Убактылуу чектөөлөр суу топтомдорундагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.