Кыргызстанда унаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатууга уруксат берилип баштады

Кыргызстанда унаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатууга уруксат берилип баштады. Каалоочулар “Унаа” мамлекеттик ишканасынын каалаган аймактык бөлүмүнө кайрылса болот. Жанында транспорт каттоосунун күбөлүгү жана унаа ээсинин паспорту болушу керек.

 

Эске салсак, тонировкага уруксат алуу үчүн физикалык жактар жылына 80 миң сом, юридикалык жактар 120 миң сом төлөйт.