Россияда кезексиз 1 жумалык эс алуу жарыяланды.
Өкмөттүн сунушун президент Владимир Путин колдоду.
Ага ылайык, учурдагы курчуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалдан улам
30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алуу күндөрү болот. Бирок бул күндөрү
россиялыктардын айлыгы сакталат. Ошондой эле ар бир аймактын башчылары
кырдаалга карап чектөөлөрдү өз алдынча киргизсе болот. Зарылчылык болсо
эс алуу күндөрү 7-ноябрдан кийин дагы узартылат. Белгилеп кетсек, учурда
Россияда коронавирустан суткасына 1 миңден ашык адам каза таап,
30 миңден ашык жаңы учурлар катталууда.