Россиядан жумуш издегендер боюнча Кыргызстан 3-орунда турат.
Өлкөнүн ички иштер министрлигинин статистикасына караганда,
2021-жылы январдан сентябрга чейин Россияга иштегени барган
мигранттардын саны боюнча биринчи катарда Өзбекстан
жайгашат – 3 миллиондон ашык. Экинчиде 1,5 миллион адам менен
Тажикстан турат. Россиядан жумуш издеген кыргызстандыктар
600 миң болсо, Армения 300 миң жана
Азербайжан 200 миң адам менен 4-5-орунда.