Ош шаардык ооруканасы оңдоп-түзөөдөн өтөт

Ош шаардык ооруканасы оңдоп-түзөөдөн өтөт.

Медициналык мекеменин төрөт бөлүмүнүн имараты калыбына

келтирилет, — деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Имараттын электр, жылуулук тармактары, суу түтүктөрү, айнек терезелери,

чатыры толук жаңыланат. Ар бир бөлүмгө жуунучу кабиналар орнотулуп,

жаңы эмерек коюлат. Иштерге Азия өнүктүрүү банкы

тарабынан 8,5 миллион сом жумшалат.