Бүгүнтөн тарта 19-ноябрга чейин Боом капчыгайында унаа кыймылына чектөө киргизилет.
Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөөлөр жол оңдоо иштерине байланыштуу.
Мындан улам, Бишкек — Балыкчы —Нарын — Торугарт унаа жолу менен жүрүү каршы тилкеде гана жүргүзүлөт.