“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-январына чейин камакта калтырылды.
Мындай чечим Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда кабыл алынды.
Мындан мурда октябрь райондук соту Теңгиз Бөлтүрүктү 2022-жылдын 10-ноябрына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
Эске салсак, Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компанидеги” коррупциялык кылмыш фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.