Инвесторлор Кыргызстандын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ала алышат

Чет элдик инвесторлор Кыргызстандын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ала алышат.

Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабиров билдирди.

Анын айтымында, “алтын” паспорт боюнча тиешелүү мыйзам долбоору азыр даяр жана жакында коомдук талкууга коюлат.

Ушундай эле документти инвесторлордун үй-бүлөлөрүнө да берүү пландалууда.

Муну менен өлкөгө инвесторлордун келишине ыңгайлуу шарт түзүлөөрү айтылып жатат.