Парламентте Сурабалдиева менен Абдалиев ант беришти

Жогорку Кеңештин жыйынында №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча шайланып келген Эльвира Сурабалдиева менен “Ата Журт-Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланып келген Мейкинбек Абдалиев ант берди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

 

Кошумчалай кетсек, Мейкинбек Абдалиев башка кызматка которулган Равшанбек Сабировдун ордуна келди.