Сүлүктүдө кийим тиккен фабрика ишке кирди.
Баткен облусунун жергиликтүү бийлигинен билдиришкендей, анын ачылышы менен менен 50гө жакын кыз-келин иш менен камсыз болду.
Өндүрүлгөн продукция Россияга экспорттолот.
Белгиленгендей, 2-3 айдын ичинде жумуш орундарынын саны дагы көбөйөт.