Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Низами Гянджеви атындагы мектепти ачты

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы Низами Гянджеви атындагы мектептин ачылыш аземи өттү.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземдин жүрүшүндө президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев билим берүү мекемесинин имаратын көрүп чыгышты.

Окуу жайдын аянты 2 миң 31 чарчы метрди түзүп, 550 орунга ылайыкталган.

Мектепте класстардан тышкары чоң жыйындар жана спорттук залдар, ашкана, китепкана, мектептен тышкаркы иштер үчүн кабинеттер жана медициналык бөлүм, гимнастика аянтчалары, эс алуу зоналары жана аймагында унаа токтотуучу жайлар каралган.