Кыргызстанда доллардын куну 100 сомдук белгиге жетейин деп калды

Кыргызстанда доллардын куну 100 сомдук белгиге жетейин деп калды. Жарым күндө эле америкалык валюта курсун дагы 50 тыйынга бекемдеди. Учурга карата коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары долларды  97 сомдон сатып алып, кайра 98 сом 50 тыйындан сатышууда. Ал эми Улуттук банк тарабынан расмий түрдө орнотулган курс – 96 сом 66 тыйын.

 

Рублдун курсу өзгөргөн жок, россиялык валюта 85 тыйындан сатып алынып, кайра 1 сом 10 тыйынга сатылууда. Кошумчаласак, соңку жумада өлкөдө доллардын курсу 13 сомго кымбаттады.