Кыргыз темир жолу бейтапканасы кадимки тартипте иштей баштады

Кыргыз темир жолу бейтапканасы кадимки тартипте иштей баштады.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда медициналык мекеменин багытына туура келген бардык

бейтаптар кабыл алына баштады. Буга чейин 15-августта бейтапканадан

COVID-19 вирусунан сакайган акыркы адам үйүнө чыгарылды.