Саламаттыкты сактоо министрлиги 1-сентябрга чейин миллион кыргызстандыкты эмдөөнү пландап жатат

Саламаттыкты сактоо министрлиги 1-сентябрга чейин миллион кыргызстандыкты эмдөөнү пландап жатат.

Учурда дээрлик 77,5 миң өлкө жашоочулары коронавируска каршы вакцина алды. Анын ичинен экинчи

дозаны алгандардын саны 27 миңди түзөт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри

Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, азырынча биздин республика вакцинациянын

жүрүү темпи боюнча башка өлкөлөргө жетпейт. Пандемияга чейинки жашоого кайтуу жана бизнестин

ишин толук жандантуу үчүн кеминде калктын 70 пайызын, тагыраагы

4,5 миллион адамды эмдөө зарыл, — деп белгиледи министр.