200 баткендиктин документи калыбына келтирилди.
Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, чек ара жанжалынан
жабыркаган аймактардагы жарандардан өздүгүн тастыктаган документтерди
алуу үчүн 300 арыз түштү. Калыбына келтирилген ID-паспорт, балдардын
туулгандыгы тууралуу, нике күбөлүктөрү жана башка документтер
жарандарга тапшырылды. Кошумчаласак, ведомствонун атайын
түзүлгөн жумушчу тобу жеринде иштеп келди.