Бельгиянын форварды Эден Азар улуттук курамадагы карьерасын жыйынтыктады

Бельгиянын форварды Эден Азар улуттук курамадагы карьерасын жыйынтыктады. Футболчу өзү жарыялагандай, 2008-жылдан бери өлкө командасы үчүн оюндарда мыкты көз ирмемдер болгону менен, кийинки муунга орунду бошотуп берүү убактысы келди.

 

Эден Азар Бельгия курамасы үчүн 126 беттеш өткөрүп, 33 гол киргизген.

 

Эске салсак, Бельгия дүйнө чемпионатынын тайпалык этабынан чыга алган жок. Хорватияга утулгандан кийин курама үйүнө жөнөп кеткен.