Саламаттыкты сактоо министринин орун басары иштен кетти

Саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков кызматынан бошотулганын бүгүн 7-декабрда “Азаттыкка” мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Анын ордуна азырынча дайындоо боло элек.

 

Касымбеков бул кызматка быйыл 4-июнда дайындалып, ага министрдин милдетин аткаруу да жүктөлгөн.

4-июнда ошол кездеги министр Алымкадыр Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев президенттин чечими менен ээлеген кызматтарынан “тергөө мезгилине” деген негизде убактылуу четтетилишкен. Кийин Бейшеналиев жумуштан алынып, Зулушев кайра ордуна барган.

Министрликке жаңы жетекчи болуп 23-августта Гүлнара Баатырова дайындалган.

 

49 жаштагы Касымбеков Медицина академиясын 1996-жылы аяктаган. 2014-2015-жылдары Бишкектин “Тез жардам” кызматынын башкы дарыгери болгон.

2020-жылкы парламенттик шайлоого “Чоң казат” партиясынын тизмесинде тогузунчу болуп катышкан. Ага чейин ал ар кыл саясий кыймылдарга катышып жүргөнү менен белгилүү. 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо жагдайларын иликтеген Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын курамында болгон, бирок анын бүтүмү менен макул эмес экенин айтып, чыгып кеткен.

 

2021-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоого Касымбеков «Ынтымак» саясий партиясынын талапкери катары катышкан, бирок ага мандат тийген эмес.