Баткен шаарында жаңы жылдык жасалгалоонун ордуна балдарга белектер берилет

Баткен шаарында жаңы жылдык жасалгалоонун ордуна балдарга белектер берилет.

Шаардык маданият бөлүмүнөн билдиришкендей, шаардагы колдоого муктаж 80ден

ашык үй-бүлөнүн балдарына жаңы жылдык баштыктар тапшырылат.

Белектер жергиликтүү өндүрүштөн чыккан таттуулар менен толтурулат.

Белгилеп кетсек, быйыл Баткенде жаңы жылдык балатыны жасалгалоо жана

майрам уюштуруу үчүн 169 миң сомго тендер жарыяланган,

бирок каражатты үнөмдөө үчүн, тендер кайра артка кайтарылды.