«Кыргыз алтын» ишканасынын жетекчиси Элмырза Үкүбаев эки айга камалды

Пара талап кылууга шектелип кармалган «Кыргыз алтын» ишканасынын жетекчиси Элмырза Үкүбаев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

 

Билдирүүдө айтылгандай, чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан чыгарылган.

 

УКМК Үкүбаевди 12-февралда кармаган. Ал алтын казуучу ишканалардын айрым жетекчилеринен пара талап кылган деп шектелүүдө.

34 жаштагы Элмырза Үкүбаев былтыр ноябрь айында «Кыргыз алтын» мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп дайындалган.