Жарым жылда 135 миллиард сомдон ашык салык чогултулду

Ушул жылдын январь айынан июлуна чейин 135 миллиард сомдон ашык салык чогултулду.

 

Салык кызматынан такташкандай, каражаттын бир бөлүгүн салыктар жана төлөмдөр, калганын камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сумма дээрлик 22 млрд сомго көбөйгөн.

 

Мамлекеттик салык кызматы планды ашыкча аткарууда көзөмөл-кассалык машиналарды, эсеп-фактураларды жана башка инновациялык ыкмаларды ишке киргизүү чоң роль ойногонун белгилейт.