Ошто “Кеңсай” конушундагы жолдун курулушу аягына чыкпай калган

Ошто “Кеңсай” конушундагы жолдун курулушу аягына чыкпай калган.

 

Ага 43 миллион сом бөлүнгөн, — деп билдиришти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан. Белгилүү болгондой, Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы менен жеке компания ортосунда жолду куруу боюнча макулдашуу жетишилген. Конушта жаңы жол ошол бойдон курула элек.

 

Ал эми бөлүнгөн сумманын 13 миллион сому кайда кеткени белгисиз. Коррупцияга шектелип компаниянын жетекчиси кармалды. Учурда бул фирманын кызыкчылыгын коргоп жүргөн башка кызматкерлер аныкталып жатат.