Финляндиялык окумуштуулар иттерге коронавирусту жытына карап аныктоого үйрөтүштү

Финляндиялык окумуштуулар иттердин COVID-19 инфекциясын жытына карап аныктай аларын изилдеп чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

 

Мындай жаңы изилдөөнү Хельсинки университетинин окумуштуулары аныкташты. Алар биринчилерден болуп медициналык иттерди бейтаптарга айрым диагнозду коюуга үйрөтүп, ошондой эле коронавирусту аныктоого машыктырышкан. Бир нече аптадан кийин иттер коронавирус менен ооруган адамды заарасынан айырмалай башташкан.

 

«Биз бир нече ооруну аныктоо үчүн иттерди пайдаланып келебиз. Иттердин коронавирус инфекциясына тийиштүү жытты аныктоону бат үйрөнүп алганы биз үчүн кубанычтуу кабар», — деген Хельсинки университетинин окумуштуус Анна Хельм-Брёкман. Окумуштуулардын айтымында, иттердин коронавирусту аныктоосу тест менен бирдей эле жыйынтык берүүдө.