“Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык система жөнүндө жобо бекитилди

“Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык система жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Документ жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө маалыматтык системаны киргизүү максатында иштелип чыкты. Анын алкагында жарандар менен тыгыз иштешүүгө, коррупцияны жоюуга, үй чарбачылыктарына тиешелүү каттоо жүргүзүүгө шарт түзүлөт.