Украинада алгачкы онлайн той өткөрүлдү. Ресторанда майрамдык дасторкон үйлөнүп жаткан жаштарга гана жайылды, ал эми 70 конок үлпөткө видео байланыш менен кошулду.
Ошондой эле, тойканада сүрөтчү, ди-джей жана тамада болду. Ал дистанттык негизде кошулган коноктордун көңүлүн ар кандай оюн-зоок менен көтөрүп жатты.