Казакстанда сутка ичинде 60 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

Сутка ичинде Казакстандын Алматы шаарындагы борбордук ооруканасынын 60 кызматкери коронавирус менен жабыркаганы белгилүү болду. Мындай статистиканы аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов билдирди деп жазышат басылмалар.

 

«Сутка ичинде республика боюнча 97 кишиден коронавирус аныкталды. Алардын эң көбү, тагыраагы, 82си Алматы шаарында катталды. Ооруга кабылгандардын 60ы борбордук клиниканын медицина кызматкери.

 

Бүгүнкү күнгө карата стационарларда жаткан бейтаптардын ичинен 258 жарандын абалы орто оор деп бааланууда. Анын 32синин абалы өтө оор», — деп айтылат маалыматта.

 

Казакстанда 21-апрель саат 10:00гө карата коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 1 миң 949га жетип, анын 447си айыкты. Каза болгондордун жалпы саны 19.