Өлкөдө токойлорду электрондук картага түшүрүү иштери жүрүүдө

Өлкөдө токойлорду электрондук картага түшүрүү иштери жүрүүдө.

 

Токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, санариптештирүүнүн алкагында токойлор гектар менен эсептелбей, бөлүп санала баштайт.

 

Токой чарбалык жумуштар, токойду өстүрүү, пландоо иштеринин баары электрондук форматка өткөрүлөт.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда токой фондунун жерлеринде 20 миңдей ижарачы бар, алардын баарынын электрондук базасын түзүлөт.

 

2022-жыл — “Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы” деп жарыяланган.