Кыргызстандын бюджети былтыр 30 миллиард сомго өстү. Президент Садыр Жапаров билдиргендей, 2021-жылы жалпы бюджет 281 миллиард сом деп бекитилген.
Маалыматка ылайык, бюджеттин тартыштыгы 8,5 миллиард сом суммасында божомолдонгон.
Салык жана бажы төлөмдөрү август айынан тарта көбөйүп, Салык кызматы белгиленген планды дээрлик 8 миллиард сомго ашык аткарган, — деди Жапаров.