Минералдык жер семирткичтерди сатып алууга республикалык бюджеттен дээрлик 980 миллион сом бөлүндү

Минералдык жер семирткичтерди сатып алууга республикалык бюджеттен дээрлик 980 миллион сом бөлүндү.

 

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, каражатка 30 миң тонна жер семирткич сатып алынат.

 

Быйылкы жылга карата айыл чарбасынын минералдык жер семирткичтерге болгон керектөөсү 270 миң тоннаны түзөт деп болжолдонууда.

 

Эске салсак, Кыргызстан бир дагы минералдык жер семирткич өндүрбөйт. Товар толугу менен коңшу өлкөлөрдөн импорттолот.