Шайлоочулардын акыркы тизмеси 27-сентябрда даяр болот. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө ачылган шайлоо тилкелеринде кыргызстандыктар 19-сентябрга чейин шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактап же шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча арыз беришти.
Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоолор 4-октябрда өтөт.