Өлкөнүн 3 облусунда мамлекеттик дарыканалар ачылат

Өлкөнүн 3 облусунда мамлекеттик дарыканалар ачылат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен белгилешкендей, мындай чечим калкты жеткиликтүү баадагы сапаттуу дары-дармек менен камсыздоо максатында кабыл алынды.

 

Эки мамлекеттик дарыкана Ош шаарында, Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа,  Өзгөн жана Араван райондорунда ачылат.

 

Ошондой эле мындай дары сатуучу түйүндөр Жалал-Абад, Кочкор-Ата шаарларында пайда болот. Ал эми Баткен облусунда Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунда, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларында мамлекеттик дарыканаларды ачуу пландалууда.