Өлкөдө америкалык валюта кунун бекемдөөсүн улантууда

Өлкөдө америкалык валюта кунун бекемдөөсүн улантууда. Учурга карата ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары долларды 102 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра 105 сомго чейин сатышууда.

 

Бул рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет. Кечээ эртең менен эле доллардын курсу 98 сом 50 тыйынга барабар болчу. Валюта серпилүүсүн алдын алуу үчүн Улуттук банк интервенцияларды жүргүзүп келет.

 

Акыркысы    4-мартта өткөрүлүп, 55 миллион доллар сатылган, бирок бул каржылык операциядан майнап чыккан жок. Ал эми рублдун курсу өзгөрүүсүз – сатып алуу 83 тыйын, сатуу 90 тыйынга барабар.