Си Цзиньпин үчүнчү мөөнөткө Кытайдын төрагасы болуп шайланды

Си Цзиньпин үчүнчү мөөнөткө Кытай Эл Республикасынын төрагасы болуп шайланды.

Кытайдын депутаттары бүгүн эртең менен анын талапкерлигин бир добуштан колдошту.

Белгилеп кетсек, Си Цзиньпин үчүнчү мөөнөткө шайланган Кытайдын тарыхында биринчи төрага болуп калды.

Буга чейин аталган өлкөнүн Конституциясы бир эле адамдын мамлекет башчы болушун эки гана мөөнөт менен чектеген.

Бирок 2018-жылдын март айында бул чектөөнү алып салуу үчүн баш мыйзамга өзгөртүү киргизилген.

Кытай лидери быйыл 70 жашка чыгат.