Мамлекеттик салык кызматы транспорт, турак-жай жана жер тилкесине салыкты эсептөөнүн жаңы калькуляторун киргизди

Мамлекеттик салык кызматы транспорт, турак-жай жана жер тилкесине салыкты эсептөөнүн жаңы калькуляторун киргизди. Ал Салык кодексинин жаңы редакциясына карата түзүлдү.

 

Эми кыймылсыз мүлк жана транспорт ээлери электрондук калькулятор менен колдонуп, өз алдынча салыкты эсептей алышат. Ал үчүн  Calculator.salyk.kg системасында тиешелүү шилтемени ачып, турак-жай боюнча маалыматты жазып, “салыкты эсептөө” дегенди басыш керек.

 

Программа автоматтык түрдө сумманы көрсөтөт. Транспорт жана кыймылсыз мүлккө салыкты 1-сентябрга чейин төгүү керек.